• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ала-Тоо аянты башаламан оюн кызматын көрсөтүү жайларынан тазаланды

14 Кулжа 2021 15:22 Бишкек Govori.TV

Ала-Тоо борбордук аянты башаламан оюн кызматын көрсөтүү жайларынан тазаланды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Биринчи май акимиятынын Экономика жана финансы бөлүмүнүн адистери Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын жана «Тазалык» муниципалдык ишканасынын атайын бөлүмүнүн өкүлдөрү менен биргеликте «Ала-Тоо» борбордук аянтында мыйзамсыз орнотулган жеңил объектилерди жана оюн конструкцияларын демонтаждоо боюнча кезектеги рейддик иш-чарасын өткөрүп, Биринчи май районунда оюн кызматын көрсөтүү боюнча стихиялуу жайлар жоюлган.

«Комиссия 25ке жакын мыйзамсыз объектилерди демонтаж кылды»,-деп айтылат маалыматта.

Акимиат бул конструкциялардын ээлерине бир нече жолу эскертүүлөрдү берген, бирок ага карабастан мыйзамсыз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келишет.

Количество просмотров: 153