Ала-Тоо аянтындагы Манастын айкели бийиктейт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев өткөргөн көчмө жыйында белгилүү болду.
Мэриядан билдиришкендей, көчмө жыйындын жүрүшүндө оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткан эки маанилүү объект текшерилди. Белгиленгендей, Ала-Тоо аянтында Манас эстелигинин астыңкы бөлүгү оңдолуп жатат. Учурда эстеликти жаап турган плита, эстеликтин өзү жана астыңкы пайдубал алынып салынды. Долбоордук документтерге ылайык, эстеликтин бийиктиги 22,7 метрди, туурасы 6,2 метрди түзүп, жогору көтөрүлгөн сайын акырындык менен 2,5 метрге чейин ичкерилет. Белгиленгендей, эстелик 10,3 метр бийиктикти түзөт. Капиталдык курулуш башкармалыгына курулуш иштеринин сапатын жана белгиленген мөөнөттөрдүн сакталышын катуу көзөмөлдөө тапшырылды.