• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ала-Тоо аянтын жаңы жылдык жасалгалоого канча сом коротулат?

4 Бештин айы 202412:07 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги борбордук Ала-Тоо аянтын жана жаңы жылдык балатыны жасалгалоо иштери кызуу жүрүүдө.

Мэриядан билдиришкендей, жакында «Бишкекжарык» ишканасынын адистери гирлянддарды орнотуп, майрамдык оюнчуктарды илип баштайт.

Буга чейин балатынын каркасын “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери тургузушкан. Балатынын бийиктиги 32, диаметри 13 метрге жетет. Ошондой эле аянтта чоң сейилдөөчү зона пайда болуп, толук кандуу жаңы жылдык шаарча түзүлөт.

Аймакты жасалгалоого 1,5 млн сомго жакын акча каражаты бөлүнгөн.

Количество просмотров: 111