• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

“Ала-Тоо” аянтындагы башкы балатыны жыйноо башталды

15 Үчтүн айы 2024 17:05 Бишкек Govori.TV

Бишкектин борбору “Ала-Тоо” аянтындагы башкы балатыны жыйноо башталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы жылдык жасалганы «Тазалык» жана «Бишкекжарык» муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери алышат.

Белгилей кетсек, балатынын каркасы жана ийне жалбырактуу бутактар «Тазалык» МИсында сакталат, балатынын жасалгалары жана инсталляциялары тыкан ажыратылып, таңгакталып «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын кампасында кылдаттык менен сакталат.

Эске салсак, өлкөнүн башкы балатысынын оту 2023-жылдын 15-декабрында жандырылган.

Количество просмотров: 79