• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Бишкекте көмүрдүн баасы канча?

22 Жетинин айы 2023 11:02 Бишкек Govori.TV

Бишкек мэриясынан калаада көмүрдүн 1 тоннасы канча сомдон сатылып жаткандыгы тууралуу айтып беришти.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүнкү күндө Кара-Кече көмүрүнүн 1 тоннасы 6000 сом болсо, ал эми Кара-Жыра жана Шабыркүл көмүрлөрүнүн тоннасынын баасы 6 миң 200 сом болууда.

Учурда көмүрдүн кымбатташына жол бербөө жана анын калк үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында Октябрь райондук акимчилиги жана Монополияга каршы кызматы тарабынан көмүр сатуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Монополияга каршы кызматы текшерүүнүн алкагында Путепроводная көчөсүндө жайгашкан көмүр кампасынын ээсине таразаларына күбөлүгү жок болгондуктан 5 миң 500 сом өлчөмүндө айыппул салган.

Белгилей кетсек, тиешелүү иштер борбор калаанын башка райондорунда да жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 90