Бишкек шаарындагы борбордук «Ала-Тоо» аянтында өлкөнүн башкы жаңы жылдык балатысы салтанаттуу түрдө жанды. Бул азем жаңы жылга карата расмий старт берип, борбор калаанын тургундарына жана конокторуна жомоктогудай жаңы жылдык маанай тартуулады.
Ачылыш аземинде Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев куттуктоо сөзүн сүйлөдү.
Ошондой эле аянтта майрамдык көңүл ачуу аймагы уюштурулду.
Белгилей кетсек, башкы жаңы жылдык балатынын бийиктиги 32 метрди түзөт.