• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Ала-Тоо аянтында «Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын биринчи утушу өтөт

30 Кулжа 2022 11:20 Бишкек Govori.TV

Эртең, 1-июлда бишкектиктердин жана борборубузга келген коноктордун эсине кала турган маанилүү окуя болот – бул күнү Ала-Тоо аянтында Мамлекеттик салык кызматы уюштурган лотереянын биринчи утуштары ойнотулат. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Лотереянын шартына ылайык, биринчи турда 2 автоунаа, 10 iPhone, 10 смартфон, 25 даана ар кандай тиричилик техникасы жана бизнес-өнөктөштөр тарабынан берилген башка баалуу байгелер ойнотулат.

Утуш эстрада ырчыларынын (Tamga, Eazy, InFamous, Элес, Арсен, Жетиген, Т.Арзыкеева ж. б.) катышуусундагы шаңдуу концерт жана кызыктуу шоу-программа менен коштолот. Андыктан, лотереянын катышуучуларына гана эмес, бардык көрүүчүлөр үчүн да кызыктуу болот.

Шаардыктарды жана борбор калаанын конокторун лотереянын ойнотулушуна күбө болуп, лотереянын биринчи жеңүүчүлөрү болгон бактылуу адамдардын аттарын билүү үчүн бул шаңдуу иш-чарага катышууга чакырабыз.

Иш-чара саат 18: 00дө башталат.

Саат 19.00дө утуштар «Ала-Тоо 24 » телеканалында, ошондой эле Салык кызматынын Facebook, Instagram жана Youtube-каналында түз алып көрсөтүлөт.

Эскерте кетсек, 10-майдан бери республикада «Чек талап кылып, байге утуп ал!» кызыктыруучу лотереясы өтүүдө.

Лотереяга катышуу үчүн «Салык чек» мобилдик тиркемесин жүктөп алып, каттоодон өтүү жана товарларды сатып алууда же кызматтарды пайдаланууда ККМдин гана кассалык чегин талап кылуу зарыл. Андан соң мобилдик тиркемеге алынган кассалык чектин QR-кодун сканерден өткөрүү жетиштүү.

Чектер канчалык көп болсо, байгелердин бирине ээ болуу мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору болот.

Бүгүнкү күндө лотереяга 60 миңден ашуун адам катышууда. Алар 3,2 млрд сомго кассалык чектердин «Салык чек» тиркемесинде сканерден өткөрүшкөн. Лотереянын катышуучуларына 3,2 млн лотерея белети (ID номер) берилди.

Эгер сиз кандайдыр бир себептерден улам лотереяга катыша элек болсоңуз, эми да бактыңызды сынап көрүүгө убакыт келди!

Лотереянын расмий сайты: lottery.salyk.kg

Количество просмотров: 258