• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Ала-Тоо аянтында көчөлөр жабылат

24 Жалган куран 2022 17:24 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги «Ала-Тоо» аянты менен эски аянт жабык болот. Бул тууралуу Патрулдук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Аянтта Өзгөчө кырдаалдар министрлигине келген атайын техникаларды тапшыруу салтанаты, ошондой эле аларды сыноо өткөрүлөт. Мындан улам Чүй проспектинин Орозбеков көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү, Абдымомунов көчөсүнүн Орозбеков көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү тосулат.

Жол 24-мартта саат 21:00дө жабылып, 25-март саат 11:00дө кайра ачылат.

Количество просмотров: 138