Бүгүн, 21-мартта Бишкек шаарындагы борбордук «Ала-Тоо» аянтында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Нооруз майрамына карата майрамдык иш-чара өтөт. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Иш-чара УТРК, республикалык, облустук телеканалдардын эфиринде жана социалдык тармактардын баракчаларында түз көрсөтүлөт. Түз эфир саат 10:00дө башталат.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэриясы Ноорузга карата атайын майрамдык программа даярдады. Расмий иш-чара 21-мартта саат 10:00дө «Ала-Тоо» аянтында өтөт.