• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленүүдө

21 Жалган куран 202510:51 Бишкек Govori.TV

Бүгүн борбор калаанын Турдакун Усубалиев атындагы аянтында Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленүүдө.

Улустун улуу күнү саналган Нооруз майрамы бул жылы ыйык орозо айына туш келди.

Майрамдык иш-чара “Кел, куттуу Ноорузум” аттуу жаратылыштын ойгонушу, жаздын келиши жана жаңы жашоонун башталышы тууралуу театралдаштырылган пролог менен башталды.

Андан кийин Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев куттуктоо сөз сүйлөп, иш-чара шаардык мэрия тарабынан жогорку деңгээлде уюштурулган концерт менен уланды.

Ай чырайлуу бийчилер чимириле бийлесе, кол ойноткон комузчулар, мукам үндүү ырчылар өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Муну менен катар шаар тургундарына жана конокторго кыргыз элинин каада-салты, үрп-адатына ылайык ар кандай оюн зоок уюштурулуп, көрүүчүлөргө сүмөлөк тартууланууда.

Белгилей кетсек, Нооруз майрамы дайыма 21-мартта белгиленет. Бул күнү күн менен түн теңелип, күн узара баштайт.

Количество просмотров: 298