• Жума 19 Кулжа 2026
  • Пятница 19 Июнь 2026

Ала-Тоо аянтында жайкы музыкалык кечелер өтөт

19 Кулжа 20269:40 Бишкек Govori.TV

Ала-Тоо аянтында жайкы музыкалык кечелер өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда борбор калаанын тургундары менен коноктору үчүн ачык асман алдындагы концерт уюштурулат.

Программа боюнча, бүгүн, 19-июнда көрүүчүлөргө “Кыргыз руху” эстрадалык-фольклордук ансамбли өз өнөрүн тартуулайт.

Ал эми эртең, 20-июнда чыгармачылык эстафетаны “Доор” фольклордук ансамбли жана “Сувенир” орус ыр-бий ансамбли улантат. Программада ар улуттун маданий көп түрдүүлүгүн жана каада-салттарынын байлыгын чагылдырган элдик ырлар, вокалдык чыгармалар жана бий номерлери орун алат.

Белгилей кетсек, Ала-Тоо аянтындагы музыкалык кечелер ар жума жана ишемби күндөрү саат 19:00дө өтөт.

Количество просмотров: 12