• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ала-Тоо аянтына кайрадан митингчилер келгенге аракет жасоодо

5 Тогуздун айы 202022:08 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Ала-Тоо аянтына митингчилер кайрадан келүүгө аракет кылышты. «Говори.ТВнын» кабарчылары жеринен маалымдагандай күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери кайрадан аянтка келгендерди кубалоо аракетин көрүшүүдө.

Учурда аянттын тегерегинде милиция митингчилерди көздөн жаш агызуучу жана кулак тундуруучу каражаттарды колдонуп таратуусун улантууда. Ал эми митингчилер милиция кызматкерлерине карата таш ыргытып жатышат.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, ага 16 саясий партия катышкан. Жети пайыздык босогодон «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары өттү.

5-октябрда Ала-Тоо аянтында шайлоонун жыйынтыгын тааныбоого жана жаңы шайлоо өткөрүүгө чакырган митинг өттү. Анда шайлоого катышкан 12 партия БШКдан шайлоону жокко чыгарууну талап кылган билдирүү кабыл алышканы айтылды. Алар шайлоо ыплас өткөнүн белгилешти.

Количество просмотров: 508