• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Алагөзов: Ысык-Көлдү тазалоо иштери уланууда

12 Аяк оона 202515:52 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдү тазалоо иштери активдүү уланууда. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык тийиштүү кызматтар Ысык-Көлдү торлор жана таштандылардан тазалоону активдүү улантышууда.

Белгилей кетсек, буга чейин мамлекет башчы жарандарга кайрылып, мыйзамсыз аңчылыкты токтотууга жана Кыргызстандын жаратылышын сактоого чакырган.

Президенттин билдирүүсүнө ылайык, акыркы 3 жылдан бери Ысык-Көл, Соң-Көл, Токтогул суу сактагычтарынан жыйналган торлордун узундугу 5 миң 700 километр болгон.

«Бул деген Бишкек-Москва-Санкт-Петербург шаарына чейинки аралык. Балык кармайбыз деп браконьерлер салган торлорго канаттуулар да түшүп, өлүп калып жатышат.

Ошондуктан айрыкча суу жээгинде жашаган элдерибизге кайрылам: сиздер айылыңарда кимдер браконьерлик кылаарын жакшы билесиздер. Аларды уяткарып, токтотуп, сиздер да жардам бербесеңиздер тиешелүү органдар жетишпей жатышат.

Жаратылыш баарыбыздыкы. Ошондуктан ар бириңер жарандык, атуулдук милдетиңерди аткарып, көзөмөлгө алыңыздар»,-деген өлкө башчы.

Количество просмотров: 173