• Шаршемби 8 Теке 2026
  • Среда 8 Июль 2026

Ысык-Көлдө жаңы салынган жолдордун сапаты текшерилүүдө

8 Теке 202616:17 Бишкек Govori.TV

Адистер Ысык-Көл облусунда курулуп жаткан жолдордун сапатына текшерүү жүргүздү.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, алар атайын көчмө текшерүүнүн алкагында облустагы Семетей жана Сары-Жаз унаа жолдорунун жаңы басылган асфальт-бетондун үлгүсүн алышты.

«Алынган үлгүлөр атайын сыноо лабораториясына жөнөтүлдү. Ал жерден асфальттын физикалык-механикалык көрсөткүчтөрү, курулуш ченемдерине жана мамлекеттик стандарттарга шайкештиги кылдат текшерилет», — деп айтылат маалыматта.

Министрлик өлкө аймагында жол салууда долбоорлордун бардык баскычтарында коопсуздук талаптарынын жана сапат стандарттарынын сакталышын туруктуу негизде көзөмөлдөп келерин баса белгилейт.

Теги:
Количество просмотров: 32