Ысык-Көл облусунда бир ай ичинде жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузгандыгы үчүн 929 миң сом көлөмүндө административдик айып пул өндүрүлдү.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, үстүбүздөгү жылдын 1-июнунан 1-июлуна чейин аймакта экологиялык мыйзам бузууларды аныктоо жана бөгөт коюу максатында масштабдуу рейддик иш-чаралар өткөрүлгөн.
Натыйжада жаратылышты пайдалануу эрежелерин бузуу боюнча көптөгөн фактылар ачыкталып, акыркы бир айда эле 78 административдик протокол түзүлгөн.
Белгиленгендей, жайкы туристтик сезондун кызуу учурунда Ысык-Көлдүн экологиясын коргоо багытындагы көзөмөл иштери мындан ары да күчөтүлгөн тартипте улантылмакчы.