• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Аламүдүндө турак үйдөн өрт чыкты

10 Чын куран 202311:58 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Төмөнкү Ала-Арча айылында турак үйдөн өрт чыкты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жалпы аянты 150 чарчы метрди түзгөн жыгач устундуу калай менен жабылган эки кабаттуу турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Белгилей кетсек, өлкө боюнча сутка ичинде 8 өрт кырсыгы катталган.

Количество просмотров: 80