Баткен шаарынын Ж.Абдрахманов атындагы көчөсүндө курулуш иштери жүрүп жаткан көп кабаттуу үйдүн чатырынан өрт чыккан.
ӨКМ бөлүмдөрү тарабынан ыкчам аракеттер көрүлүп, өрт саат 14:05те чектөөгө алынып, саат 14:08де толугу менен өчүрүлдү.
Бактыга жараша адам өмүрүнө коркунуч келген жок.
Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.