Алдамчылык менен издөөдө жүргөн жаран Оштон кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Лейлек районунун Сумбула айылынын тургунун эки баш уюн мал базарда 2021-жылдын декабрь айында Ош шаарынын 58 жаштагы Б.А. аттуу тургуну 78 000 сомго баалап алып, акчасын бербей качып жүргөн.
Бул факты боюнча арыздануучу 2022-жылдын 18-июнь күнү милицияга арыз менен кайрылган.
«Арыздын негизинде Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 209-беренесинин (алдамчылык) кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү Б.А. сот жообунан качып, сотко келбей качып жүргөн. 2022-жылдын 17-октябрь күнү издөөдө жүргөн Б.А. Ош шаарынан Лейлек РИИБнүн кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген»,-деп айтылат маалыматта.
Азыркы учурда сот иштери уланууда.