Мурда соттолгон жаран автоунаа уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя шаарынын 30 жаштагы тургуну 2024-жылдын 30-март күнү таңга маал короосундо токтотуп койгон Lexus 330 маркасындагы автоунаасын белгисиз жаран айдап качып кеткендигин билдирип милицияга арыз менен кайрылган.
Бул факты Кызыл-Кыя ШИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 211-беренеси (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталат.
Кызыл-Кыя ШИИБдин кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө уурдалган автоунаа 31-март күнү Ноокат районунун Көк-Жар айылынын ээн талаасынан табылып, автоунааны таштап изин жашырып кеткен жаранды аныктоо боюнча ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлө баштайт. Бишкек шаарынын 18 жаштагы мурда соттолгон П.Ж. аттуу тургуну Кызыл-Кыя шаарынан аныкталып кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.