• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Алдамчылыкка айыпталган эки блогерге издөө жарыяланды

11 Баш оона 2023 17:15 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) Санжар Хожа каймана аты менен белгилүү блогер Санжар Икрамов менен Ютубдагы Detective Uz каналынын автору Шерали Комиловго издөө жарыялады. Бул тууралуу Gazeta.uz ИИМге шилтеме кылып билдирди.

Санжар Икрамов «Ири өлчөмдөгү алдамчылык», Шерали Комилов «Бир нече жолу алдамчылык жасоо» жана «Мазактоо» беренелери боюнча айыпталууда.

Бул айыптар боюнча блогерлер 8ден 10 жылга чейин эркинен ажыратылып, же ири өлчөмдө айып пулга жыгылышы мүмкүн.

35 жаштагы Санжар Икрамовдун YouTube каналында 200 миң, Телеграмда 18 миң 300, Фейсбукта 29 миң катталуучусу бар. Ал негизинен саясат, экономика жана психология темаларын чагылдырат. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча блогер учурда Түркияда жашайт.

44 жаштагы Шерали Комиловдун Ютубдагы Detective Uz каналында 17 800, Фейсбукта 8 140 катталуучусу бар.

Акыркы айларда Өзбекстанда бир катар журналисттер жана блогерлер ар кандай айыптар менен камакка алынган. Маселен, 4-августта Ютубдагы Ko’zgu (Күзгү) каналынын автору Абдукадыр Муминовго «Алдамчылык» жана «Опузалап пара талап кылуу» беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, 7 жыл 3 айга эркинен ажыратылган.

29-июлда ферганалык блогер Олимжон Хайдаров пара талап кылган деген шек менен кармалган.

Количество просмотров: 156