• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

“Алга-Бишкек” ФК: “Мушташка биздин тиешебиз жок, бөлүнүүгө каршыбыз”

22 Бугу 2018 8:25 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 22.05.2018. Govori.TV
ММКларда пайда болгон ар кандай маалыматтардан кийин “Алга Бишкек” футболдук клубунун директору А. Исабеков команданын атынан билдирүү жасады. Анда ал Кант шаарындагы 20-майда болгон “Топ-Лига-2018” беттешинен кийинки “Алай” футболдук командасынын оюнчулары менен белгисиз адамдардын ортосундагы мушташка “Алганын” тиешеси жоктугун, бул окуя “Алай” футболдук клубунун оюнчусу Алиа Силланын белгисиз адам менен болгон кайым айтышуусунан улам күчөп кеткенин, ал белгисиз адамдар “Алга” командасынын кызматкери же күйөрманы болбогондугун айтып, окуяны КРнын Футбол Федерациясынын Дисциплинардык комитети карап чыгып баа берүүсүн суранган.
“Алга” командасы бул чырга катышкан жок жана болгон окуя үчүн абдан кабатыр болуп, алды менен мейманга келген команданын оюнчуларынын саламаттыгынын жакшырып кетишине тилектеш экендигибизди билдиребиз. Беттешти өткөрүү алдында бизге коюлган баардык талаптар аткарылып, даярдыктар көрүлгөн. Биз Кыргызстандын Футбол Федерациясынан жана Футбол комитетинен окуяны кылдат териштирип, “Алай” Футболдук Клубунун оюнчусу Алиа Силланын оюн учурундагы жана андан кийинки аракеттерине баа берүүнү суранабыз. Ошондой эле биздин клуб бул окуяда эч кандай аймактык мүнөз жоктугун, андай трайбалистик же аймактык бөлүнүүгө биздин клуб жол бербей турганын билдиребиз”,-деп айтылат маалыматта.
Эске сала кетсек, кечээ интернет айдыңында Канттангы аталган командалардын беттешинен кийин “Алай” командасын белисиз топтор стадиондун сыртында кубалап, мушташ чыккканын көрсөткөн тасмалар пайда болгон эле.
Количество просмотров: 12