• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Алиев: 1-октябрдан баштап пенсия жогорулайт

11 Чын куран 202517:55 Бишкек Govori.TV

Быйыл Кыргызстанда 1-октябрдан баштап пенсия жогорулайт. Бул тууралуу «Ата Журт Кыргызстан» фракциясынын жыйынында Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.

Жыйында депутат Пархат Тулендыбаев ортчо пенсия 6 900 сом экенин айтып, былтыр жашоо минимуму 7 063 сомду түзгөнүн эске салды.

«1-октябрга чейин биз пенсияларды ушул суммага жеткиребиз. Былтыркы орточо айлык менен инфляцияга карап пенсияны канчага көтөрүүнү чечебиз. Быйыл 7 пайыз көтөрүү үчүн бюджеттен 1 миллиард 200 миллион сом каралды. Бирок камсыздандыруу төлөмдөрүнө жараша бул сумманы кайра карап чыгабыз. Жарым жылдыктын жыйынтыгында канча пайызга көтөрө турганыбыз такталат, бирок 7 пайыздан көп болот», — деди Бактияр Алиев.

Количество просмотров: 752