• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Түркмөнстанда пенсияны жана жөлөк пулдарды төлөө кечиктирилүүдө

7 Чын куран 2023 16:11 Бишкек Govori.TV

Түркмөнстандын айрым аймактарында март айы үчүн пенсияны жана мамлекеттик жөлөк пулдарды төлөө кечиктирилүүдө.

Жергиликтүү банк кызматкерлери пенсия менен жөлөк пулдун убагында төлөнбөй жатышын ар жылдын март айында жарандардын банк карталарынын реквизиттерин кайра каттоо талабы менен түшүндүрүүдө. Ага ылайык, жарандар жергиликтүү банк бөлүмдөрүнө барып, пластик караталары менен паспорттук маалыматтарын кайрадан каттоодон өткөрүшү керек.

Жергиликтүү тургундар буга чейинки жылдары каттоо боюнча мындай талаптар болбогонун билдирүүдө.

Түркмөн банктары да, Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги да бул талаптар тууралуу эч кандай расмий билдирүү тараткан эмес. Пенсия менен жөлөк пул эми 15 апрелге чейин төлөнөт деп күтүлүүдө.

Өткөн айда Ахал облусундагы Аркадаг аттуу жаңы шаардын курулушуна 5 миллиард долларга жакын каражат жумушалары кабарланган. Мурдараак «Азаттыктын» түркмөн кызматы өлкөдөгү мамлекеттик ишканалардын жумушчуларынын айлыктарынан каражат кармалып жатканын билдирген.

Түркмөнстанда пенсиянын минималдык өлчөмүн аныктоо үчүн базалык көрсөткүч 450 манатты, мамлекеттик жөлөк пулдуку 430 манатты түзөт. Өлкөдө 2023-жылдын 1-январынан тарта минималдык айлык акы өлчөмү 1 160 манатка чейин көтөрүлгөн. Борбордук банк бекиткен расмий курска ылайык, 3,5 манат 1 АКШ долларына барабар.

Количество просмотров: 168