• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Алимардон Шүкүров Кыргызстан-Катар беттешинде киргизген голун атасына арнады

26 Жалган куран 20259:33 Бишкек Govori.TV

Улуттук курама команданын оюнчусу Алимардон Шүкүров Кыргызстан-Катар беттешинде киргизген голун атасына арнады.

Кечээ, 25-мартта Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын 3-айлампасынын алкагында Катардын курамасы менен беттешип, 3:1 эсебинде уткан.

Беттеш Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өттү. Оюндун 1-бөлүгүнүн аягында Валерий Кичин алгачкы голду киргизсе, 2-таймдын башында Катардын оюнчусу эсепти теңеди. Андан кийинки голдорду Александр Мишенко (82) менен Алимардон Шүкүров (90+3) киргизишкен.

Количество просмотров: 237