• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Алкоголдук тесттен өтүүдөн баш тарткан айдоочу кайгуул кызматкерлери менен чырдаша кетти

25 Кулжа 202320:24 Бишкек Govori.TV

Бишкекте Porsche Panamera унаасынын айдоочусу канынан алкоголдук анализ тапшыруудан баш тартты. Мындан улам айдоочуну инспекторлор наркология борборуна күч менен жеткирүүгө аргасыз болушкан.

Чырга айдоочунун достору да кошулушкан. Натыйжада айдоочу текшерүүдөн өттү, анын канынан спирт бар экени белгилүү болгон.

Окуянын видеосу кайгуул кызматынын расмий соцтармактагы баракчасына жарыяланган. Оператордун айтымында, айдоочу ушунча убакыттан бери кимдир бирөөгө телефон чалып, кое берүүсүн талап кылган. Тартип бузганга протокол түзүлдү.

Количество просмотров: 93