• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Алмамбет Матубраимов: «Талашта бир жеринен утулуп, бир жеринен утуп маселе чечилет»

10 Тогуздун айы 2022 16:16 Бишкек Govori.TV

Бүгүн,10-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоору тууралуу жабык эшик артында маалымат берди.

Ага ылайык, айрым нерселер мамлекеттик сыр болгонуна байланыштуу убактылуу маалымат таратпай турууну сунуштады.

Мындай маселе тууралуу мурунку премьер-министр Алмамбет Матубраимов өз пикирин билдирип, «маселе эрте чечилсе ал так эмес болот», — деди.

«Канчалык чек ара тез чечилсе бул жер дайыма талаштуу болот. Талашта бир жагынан утулсак, бир жагынан утуп маселени чечиш керек. Бүгункү күндө келишим жок, азыр келишим жөнүндө талкуу болуп жатат. Бул жерде эч кандай чечим болушу эмес. Мамлекетте жашыруун сыр болуш керек, ансыз болбойт. Чек ара маселесин чечүү бул өтө татаал, кыйын, кооптуу, сөзсүз тыкыр иликтөө болуп, ар бир мамлекет өзүнүн менчигин жерин саясий жактан да, экономикалык жактан да утулбашка аракет кылат. Бир эле мисал, сот системасы тууралуу айтып коеюн… Сотто уткандар да утулгандар да сотко нааразы. Бул жерде да чек арада мүмкүн ар бир кишиге жакпай калуусу мүмкүн, бирок бизде чечим бар, көпчүлүк чечкенге мумкунчүлүк алат», — деп кошумчалады ал.

Количество просмотров: 465