Мамлекеттик чек ара кызматы 13-июлда маалымат таратып, келишимдик негизде кызмат өтөгөн эки чек арачынын ортосундагы жаңжал жана анын кесепттери тууралуу маалымат берди.
Маалыматта айтылгандай, 9-июлда инженердик иштерди аткарып жаткан келишимдик негиздеги эки аскер кызматкеринин ортосунда өз ара түшүнбөстүктөн улам жаңжал чыккан.
«Окуянын кесепетинен аскер кызматкери С.Т. денесинен жаракат алган. Жабырлануучуга дароо алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, андан соң Бишкек шаарындагы Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын жаак-бет хирургиясы бөлүмүнө жаткырылган. Дарыгерлер анын төмөнкү жаагынын жабык сыныгын аныкташкан. Учурда жабырлануучуга бардык зарыл медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Анын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.
Бул факты боюнча Мамлекеттик чек ара кызматы кызматтык иликтөө жүргүзүүдө. Кызматташына карата күч колдонгон аскер кызматкери анын аракеттерине укуктук баа берилгенден кийин аскер кызматынан бошотулат»,-деп айтылат маалыматта.
Кызматтык иликтөөнүн материалдары күнөөлүү адамдын аракеттерине укуктук баа берүү жана мыйзам талаптарына ылайык процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилет.