Бүгүн, 25-майда кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара тилкесинде кыргыз чек арачылары Кытайдан Кыргызстанга атчан саякатка чыккан этникалык кыргыздарды — Риза Дүйшөн кызын жана Гүлсанат Бейшен кызын салтанаттуу тосуп алышты. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.


Кыздардын айтымында, саякаттын максаты — 1916-жылдагы трагедиялуу Үркүн окуяларын эскерүү жана ата-бабалардын басып өткөн тарыхый жолун ат үстүндө кайрадан басып өтүү болуп саналат.
Чек арачылар кыздарга ак жол каалап, тарыхты, улуттук каада-салттарды жана Ата Журт менен болгон руханий байланышты сактоонун маанилүүлүгүн өзгөчө белгилешти.
Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери саякатчыларды «Торугарт-унаа жол» көзөмөл-өткөрүү пунктуна чейин коштоп барышты. Ал жерден тиешелүү чек аралык жана көзөмөл процедураларынан өткөндөн кийин, кыздарды Нарын облусунун жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү чоң салтанат менен тосуп алышты.