• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Алмамбет Шыкмаматов кызматынан кетеби?

28 Жалган куран 202617:21 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов кызматынан кетери жөнүндө коомчулукта тараган сөздөрдү «ушак» деп атады. Ал соцтармактарга, айрым маалымат каражаттарына өзү тууралуу жазылгандарды четке кагып, мындай ушак демейки болуп келген көрүнүш экенин «Азаттыкка» билдирди.

«Мындай ушак-айыңдар маалымат айдыңында көп окулат. Дайыма ушундай болуп келген. Мени кызматтан кетирүүгө ким кызыкдар экени мага белгисиз, кызыкпайм дагы. Болгону бул ушак экенин баса белгилеп айта алам. Эгер жетекчиликтин мындай чечими болсо, мен биринчи болуп билмекмин», — деди Шыкмаматов.

Узап бараткан аптада айрым маалымат каражаттары, сайттар Мамлекеттик салык кызматынын жетекчиси алмашып, Алмамбет Шыкмаматовдун ордуна Кыдыкбек Кыдыров келери тууралуу жазышкан.

Шыкмаматов болсо башкы прокурорлукка же Боршайком төрагалыгына барары каңкууланган.

Алмамбет Шыкмаматов айтылып жаткан эки кызматка тең барбасын, салык тармагында ишке ашыруучу узак мөөнөттүү көптөгөн пландары бар экенин билдирди.

Количество просмотров: 464