• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Алматы аэропортунда барымтага алынган кызды куткарган адам окуянын чоо-жайын айтты

7 Жалган куран 202520:57 Бишкек Govori.TV

Алматы аэропортунда куралчан кишинин колунан бычакты тартып алып, кызды куткарган 52 жаштагы Муса Абдраим окуянын чоо-жайы менен Tengrinews.kz. менен бөлүштү.

Белгилей кетсек, куралчан киши менен сүйлөшүү учурунда жолоочу аэропорттун кызматкеринин ордуна өзүн барымтага алууну сунуштап, кыздын ордуна барган.


«Мен барымтага алынган кыздын ордуна өз ыктыярым менен бардым. Ал уруксат берди. Мен ага жакындадым. Жанында полиция кызматкерлери туруп, аны сөз менен алаксытышты. Мен бычактан көзүмдү албай турдум. Учурду сезип, бычакты жулуп алдым. Менин өзүмө зыян келтиреби деп да ойлогон жокмун. Негизги максат бычакты алуу болчу», — деди ал.


Анын айтымында, ал аэропортто туугандарын узатып жатып, кыйкырыкты уккан.

Алматы аэропортунда барымтага алынган адамды куткарган баатыр 52 жаштагы Муса Абдраймов экен. Ал казакстандык белгилүү «Жигиттер» тобунун продюсери Эргали Абдраимдин иниси жана ырчы Баглан Абдраимдин агасы болот.


Муса спорт менен профессионалдуу машыгат жана беш баланын атасы.

Казакстандын президенттинин жарлыгы менен Абдраим Муса Сайранбайулы өзгөчө кырдаалда көрсөткөн эрдиги жана каармандыгы үчүн “Эрдик үчүн» медалы менен сыйланды.

Эскерте кетсек, окуя 7-мартта Алматы аэропортунда болгон. Болжол менен саат 11:45 чамасында Алматы аэропортунун ички каттамдар терминалындагы (Т1) учуу алдындагы текшерүү аймагына жүргүнчүү катары эркек киши өткөн. Алматы аэропортунун авиациялык коопсуздук кызматынын текшерүү кызматкерлери андан документтерин көрсөтүүнү суранышканда ал коопсуздук кызматкеринин чачын кармап, бычак менен коркуткан.

Количество просмотров: 1100