• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Алматы бийлиги активисттердин согушка каршы митинг өткөрүүсүнө уруксат берген жок

18 Жалган куран 2022 9:27 Бишкек Govori.TV

Алматы шаардык акимчилиги жарандык активисттерге Украинадагы кырдаал боюнча митинг өткөрүүгө уруксат берген жок. Бул тууралуу 17-мартта активист Альнур Ильяшев Facebook баракчасына жазды.

Анын айтымында, өткөн жумада митингдин уюштуруучулары 19-мартта Шокан Уалиханов атындагы сейил бакта согушка каршы акция өткөрө тургандыктары жөнүндө арыз беришкен.

«Акимчилик митингге уруксат бербөө чечимин 19-мартта аталган сейил бакта жакында эле «Нур Отан» деген аталышын «Аманат» деп өзгөрткөн бийликтин партиясынын иш-чарасы өтө турганы менен түшүндүрүүдө. Жоопко ылайык, ал иш-чара эртең мененки 10до башталып, кечки саат жетиде аяктайт экен», — деди Ильяшев.

Ал акимчилик митинг өткөрүүгө башка аянтты сунуштабагандыктан, бул чечимде саясий мотив болушу мүмкүн деп болжолдоп жатканын билдирди. Анын айтымында, уюштуруучулар Алматыда согушка каршы митинг өткөрүү үчүн дагы бир жолу арыз берүүнү пландап жатышат.

Акимчиликтин Коомдук өнүгүү башкармалыгынын жетекчи орун басары Айдар Есенбеков жарандык активисттерге эмнеге башка аянт сунушталбаганы тууралуу суроого жооп берүүдөн баш тартты.

25-февралда Орусиянын Алматыдагы консулдугунун алдында ондогон кишинин катышуусунда согушка каршы пикет өткөн. Анда акцияга чыккандар кармалып, полиция бөлүмүнө жеткирилген. Февралдын аягында Алматыдагы Тарас Шевченконун эстелигинин алдында Украинаны колдогон дагы бир митинг өткөн. Анын катышуучулары Орусия Украинадан аскерлерин чыгарып кетиши керек экенин айтышкан.

Бийликтин уруксаты менен 6-мартта өткөн Украинаны колдоо митингине бир нече миң киши катышкан. Анда «Путин, Гаага, түрмө!» «Согушка жол жок!» жана «Жашасын Украина!» деген ураандар айтылган.

Количество просмотров: 83