• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Пасха майрамына карата Путин Украина менен убактылуу элдешүүнү жарыялады

10 Чын куран 20268:59 Бишкек Govori.TV

Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин Украина менен убактылуу элдешүүнү жарыялады. Ок атышууну убактылуу токтотуу диний майрам Пасханын урматына карата жарыяланды. Ал Пасха майрамына байланыштуу 11-апрелде саат 16:00дө башталып, 12-апрелдин аягына чейин уланат.

Россия бул кадамга Украина да жооп берет деп үмүт кылууда. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.

Коргоо министри Андрей Белоусов жана Башкы штабдын башчысы Валерий Герасимовна бардык багыттар боюнча согуштук аракеттерди токтотуу тапшырмасы берилди деп билдиришти.

Маалыматта аскерлер мүмкүн болгон чагымчыл аракеттерге жана душмандын агрессиясына каршы даяр болушу керектиги белгиленген.

Бул — Россиянын Украинадагы аскердик аракеттер учурунда жарыялаган жок дегенде төртүнчү элдешүүсү. Биринчи жолу 2023-жылы Рождество майрамына карата жарыяланган. 2025-жылы болсо эки жолу — Пасха майрамында жана Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата жарыяланган.

Количество просмотров: 105