• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Алматы менен Маңгыстауга өзгөчө абал киргизилди

5 Үчтүн айы 2022 10:10 Бишкек Govori.TV

Президент Касым-Жомарт Токаев Маңгыстау облусу менен Алматы шаарына өзгөчө абал киргизди.

Кырдаал курчуп жатканына байланыштуу коомдук коопсуздукту камсыздоо, мыйзамдуулукту жана укуктук тартипти калыбына келтирүү, жарандардын эркиндигин жана укуктарын коргоо максатында өзгөчө абал киргизилери белгиленген. Мындай режим 5-январь саат 1:30дан 19-январга саат 00:00гө чейин сакталат.

Президент Токаев телекайрылуусунда жарандарды акыл-эстүүлүк менен чечим кабыл алууга, сырткы жана ички чагымчылдыктарга алдырбоого чакырган.

Эске салсак, 4-январда Казакстандын бир канча шаарларында эл митингге чыгып, газдын баасын 50 теңгеге (9 сом) түшүрүү, жумушсуздук маселесин чечүү, тамак-аштын наркын арзандатуу деп үч талап коюп жаткан. 4-январда Маңгыстау облусунда бийлик газга болгон бааны арзандаткан. Ага карабай, элдин нааразылыгы күчөп, 4-январда полиция кыматкерлери менен кагылышкан видеолор социалдык тармактарга тарады.

Количество просмотров: 416