Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёль элге кайрылуусунда өлкөдө аскердик абал киргизилгенин жарыялаганын, Yonhap агенттиги жазып чыкты.
«Мен Түндүк Кореяны колдогон күчтөрдү жок кылуу жана эркин конституциялык түзүлүштү коргоо үчүн аскердик абалды жарыялайм. Мен туңгуюкка кирип бараткан эркин Корея Республикасын коргойм. Мен мамлекетке каршы күчтөрдү жана ушул убакка чейин мыкаачылык менен элдин өлүмүнө жооптууларды жок кылам», — деп келтирет Yonhap агенттиги мамлекет башчысынын сөзүн.
Түштүк Кореянын армиясы өлкөдө аскердик абалдын киргизилишине байланыштуу парламенттин жана саясий партиялардын ишине тыюу салынганын, бардык маалымат каражаттары жана басмаканалар аскердик абалдын командачылыгынын көзөмөлүнө өтүшү керектигин жана бардык медициналык кызматкерлер 48 сааттын ичинде жумушка кайтуусу керектигин жарыялады.
Полиция Түштүк Кореянын парламентинин имаратын курчоого алды, ал жакка кирүүгө Улуттук ассамблеянын мүчөлөрүнө гана уруксат берилген.
Белгилей кетсек, ушул тапта Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Түштүк Кореяда расмий сапар менен жүрөт.
Президент Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзовдун Govori.TVга билдиргени боюнча, кыргыз делегациясы баштапкы план боюнча эле өлкөгө эртең кайтып келишет.
«Баары жакшы. Баштапкы план боюнча эртең кайтмакпыз, планыбыз өзгөргөн жок. Президент жана делегация мүчөлөрүнө эч кандай коркунуч туулган жок»,-деди ал.