Алматы шаарынын коммуналдык кызматкерлери Marvel жана DC баатырлардын кийимин кийип көчөлөрдү тазалоого чыгышты. Бул позитивдүү акция тууралуу шаардык акимчиликтин басма сөз кызматы билдирди.
Бул акция «супер баатырлар биздин арабызда»,- деп аталды.
Муну менен катар коммуналдык кызматкерлер Алматы шаарынын тургундарын жана конокторун алардын эмгегин сыйлоого жана шаарды коргоого чакырышты.