• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Жалал-Абадда жаңы асфальтталган 2 көчө пайдаланууга берилди

18 Баш оона 202510:08 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад шаарынын Жеңи-Жок көчөсү жана Мадияров көчөсүнүн бир бөлүгү пайдаланууга берилди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, көчөлөрдүн ачылуу аземине шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин депутаттары жана шаар тургундары катышты.

Аталган көчөлөрдү реконструкциялоого республикалык бюджеттен 98 млн 743 миң сом жумшалды.

Жеңи-Жок көчөсүнүн узундугу 1243 метр, туурасы 14 метрди түзөт. Ал эми Мадияров көчөсүнүн узундугу 243 метр, туурасы 8,1 метр.

Белгилей кетсек, Жеңи-Жок көчөсүнүн эки тарабына тротуар курулуп, темир-бетон арык куурлары да жаткырылды.

Количество просмотров: 80