• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Алматы соту «элдик парламенттин» митингине катышкан эки активистти айып пулга жыкты

20 Чын куран 2023 10:01 Бишкек Govori.TV

18-апрелде Алматыда сот шайлоонун жыйынтыгына каршы минингге катышкан активисттер Худайшукур Абдуллаев менен Бауыржан Атинбаевге айып пул салды. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматына активисттер кабарлашты.

Сот эки активистти “тынч митинг өткөрүү эрежесин бузду” деп айыптаган. Чечимге ылайык, Атинбаев 380 доллар, Абдуллаев 160 доллар айып пул төлөөгө милдеттүү. Эки активист тең тагылган күнөөнү моюндарына алган жок.

9-апрелде Алматыдагы «Республика» аянтында өзүн «Элдик парламент» деп атаган топтун митинги болгон. Бул топту бир ай муруңку парламенттик шайлоодо талапкер болуп, өтпөй калган жарандар түзүшкөн. Акция эки саатка созулган. Ага акимчиликтин өкүлдөрү менен полициячылар байкоо салып турган.

Мурдараак 9-апрелдеги тынч митингге катышкан бир канча киши 15 суткага камалган.

Парламенттин депутаттыгына мурдагы талапкерлер Мухтар Тайжан, Лукпан Ахмедяров, Нуржан Алтаев, активист Алнур Иляшев тынч акцияларды уюштуруу жана өткөрүү тартибин бузууга айыпталган.

Количество просмотров: 37