• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Алматыда «элдик парламенттин» катышуучулары кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышты

10 Чын куран 2023 9:45 Бишкек Govori.TV

9-апрелде Алматыдагы Республика аянтында өткөн митингде мажилис менен маслихатка өтпөй калган талапкерлер, активисттер шайлоонун жыйынтыгы бурмаланганын айтышып, аны мыйзамсыз деп таанууну талап кылышты.

Прокуратура акция “макулдашылбаганын” билдирип, кишилерди тарап кетүүгө чакырды. Митингге полиция кызматкерлери байкоо салып турду.

Митингде “Шал, кет!” деген ураандар жаңырды. Акциянын катышуучулары Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев Нурсултан Назарбаевдин каталарын кайталап жатканын айтышты. “Бийлик элдин колунда болушу керек”, — деди алардын бири.

Акция учуруна аянтка жакын райондордо мобилдик интернет иштеген жок.

Митинг жаңы парламент легитимсиз жана кайра шайлоо өтүшү керек деген негизде резолюция кабыл алуу менен аяктады.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында мажилиске жана маслихатка өтпөй калган ондогон талапкерлер “элдик парламент” түзгөнү кабарланган. Алардын баары 19-марттагы шайлоо мыйзам бузуулар менен өттү жана шайлоонун жыйынтыгы бурмаланды деп эсептешет.

Количество просмотров: 59