• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Абакта отурган Бишкек шаардык сотунун мурдагы төрагасы Марат Султановго карата мөөнөт кыскартылды

26 Теке 2018 15:21 Бишкек Govori.TV

Бишкек.26.07.2018.Govori.TV.

Абакта отурган Бишкек шаардык сотунун мурдагы төрагасы Марат Султановго карата мөөнөт кыскартылды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Бугун Жогорку сот Марат Султановдун касациялык даттануусун карап, жаза чарасынын айрымдарын жокко чыгарып, айрым жерлерин күчүндө калтырды. Бишкек шаардык сотунун өкүмүн жокко чыгарып, Биринчи май райондук сотунун «Султанов кылмышты жашырган” деген айыбы далилсиз болгондуктан аны актап, айыптоонун калган бөлүгүн күчүндө калтырды. Ошону менен абакта отурчу мөөнөт 10 жылдан 5 жылга кыскартылды.

Эскерте кетсек,13-ноябрда борбор калаанын соту «Элдик парламент» кыймылынын беш мүчөсүнө карата Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган.

Тактап айтканда, мурдагы айыл чарба министри Бекболот Талгарбеков менен активист Төрөбай Колубаев 14 жылдан, Бишкек шаардык сотунун мурдагы төрагасы Марат Султанов 10 жыл жаза мөөнөтүн өтөмөй болду. Бул саясатчылар 2016-жылы май айынан бери тергөө абагында кармалып келишет. Ал эми мурдагы депутат Тойгонбек Калматов жана полковник Александр Гусев алты жылга шарттуу кесилип, үй камагында калды.

«Мамлекеттик сыр» деген негизде райондук сот ишти жабык караган. Шаардык сот да жабык өтүүдө.

Кыргызстанда учурда бир катар саясатчылар түрмөдө олтурушат. Аларга  бийликти басып алуу сыяктуу айыптар тагылган. Соттолгондордун баары сот чечимдерин саясий буйрутма деп баалашат.

Количество просмотров: 26