• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Алматы-Ташкент трассасында автобус кырсыктап, эки киши каза болду

13 Бугу 2022 15:37 Бишкек Govori.TV

12-майда Казакстандын Жамбыл облусунда автобус кырсыкка учурап, эки киши каза болду. Дагы 33 адам жаракат алды.

Жергиликтүү полициянын маалыматына караганда, жаап жаткан жамгырдан жана мөндүрдөн улам автобус айдоочусу рулду башкара албай калып, ошол эле багытта бараткан трактордун чиркегичине сүзүлгөн.

«Жыйынтыгында айдоочунун жардамчысы жана жүргүнчүлөрдүн бири дароо мүрт кеткен. Ооруканага кайрылган 33 кишинин үчөө азыр реанимацияда. Бул кырсык боюнча «Жол эрежесин бузуу» беренеси менен кылмыш иши козголду», — деп жазылган Жамбыл облустук полиция департаментинин билдирүүсүндө.

Облустук өзгөчө кырдаалдар департаментинин маалыматына караганда, Өзбекстанда катталган автобус Алматы-Ташкент трассасынын 571-чакырымында кырсыкка учураган. Мекеменин базасында автобустун айдоочулары менен жүргүнчүлөрүнүн жакындарына психиологиялык жардам берүү үчүн атайын байланыш телефондору уюштурулду.

Количество просмотров: 121