• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Алматыда дагы 2 адам коронавирус жуктурду

18 Жалган куран 2020 9:14 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Алматы шаарында коронавирус инфекциясын жуктурган жаңы 2 учур катталды. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Казакстанда коронавирус жуктурган 35 учур тастыкталды. Алардын ичинен 17 учур Алматы, 18 учур Нур-Султан шаарында катталган.

15-мартта Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев республикага өзгөчө кырдаал киргизүү тууралуу буйрукка кол койгон болчу.

Количество просмотров: 126