• Шейшемби 19 Жалган куран 2024
  • Вторник 19 Март 2024
Орозо

Алматыда дайынсыз жоголгон кыргызстандык 2 буту, кабыргасы сынган абалда табылды

19 Үчтүн айы 2022 18:24 Бишкек Govori.TV

Алматы шаарында дайынсыз жоголгон кыргызстандык Чолпонбек Сыдыков табылды. Бул тууралуу «АКИpress» агенттиги Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов билдиргенин жазды.

Буга чейин Айгүл Сартбаева социалдык тармактагы баракчасында Сыдыков Алматыдагы баш аламандыктан кийин кармалганын жазган.

Башкы консул белгилегендей, Сыдыковдун 2 буту, кабыргасы сынган. Азырынча канча кабыргасы сынганы белгисиз.

Аны 9-январга караган түнү Алматы—Бишкек жолунда кармашкан. Андан соң сабап, ооруканага жеткиришкен. Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулдугу Сыдыковду бүгүн, 19-январда Алатау районундагы ооруканадан тапкан.

«Аны алгач аскерлер кармап, андан соң полиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Андан соң сабап, 2 бутун, кабыргасын сындырышкан. Ооруканага жеткиргенден кийин эч кандай маалымат беришкен эмес. Эртең аны Кыргызстанга жеткирүү ишин уюштурабыз. Ал операцияга муктаж. Аны Кыргызстандан тосуп алып, дароо ооруканага алып барыш керек», — деди Арипов.

Количество просмотров: 274