• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Алматыда каза болгон кыргызстандык жарандын сөөгү жакындарына берилди

14 Үчтүн айы 2022 9:47 Бишкек Govori.TV

Казакстандагы тополоң учурунда Алматы шаарында каза болгон кыргызстандык жаран Азиз Мусаевдин сөөгүн апасы менен агасы Кыргызстанга алып кетти. Бул тууралуу Алматыдагы Кыргызстандын Башкы консулу Назарали Арипов билдирди.

Алматыда каза болгон дагы бир кыргызстандык Бахтияр Базарбаевдин сөөгүн алып кетүүгө дагы уруксат берилди. Консулдун айтымында, Базарбаевдин жакын туугандары келгенден кийин сөөгү берилет.

Алматыдагы башкы консул камакта жаткан төрт кыргызстандыкты бошотуу боюнча иштер жүрүп жатканын, 14-январда дагы тийиштүү органдын адамдары менен жолуга турганын билдирди.

33 жаштагы Азис Мусаев Алматынын борбордук аянтында жараат алгандардын бирине көмөк көрсөтүп жатып окко учканы маалымдалган. Ал 2016-жылдан бери коңшу өлкөдө фитнес-машыктыруучу болуп иштеп жаткан. Ал эми Бактияр Базарбаев боюнча маалымат жокко эсе. Анын Казакстанда жүргүнчү ташып иштеп жүргөнү айтылып жатат.

Мындан тышкары казак бийлиги тополоңдорго шек санап 1990-жылкы Закир Юбуров, 1991-жылкы Адан Хуров, 1987-жылкы Ильяс Мачо жана 2001-жылкы Абду-Рахим Жиншанлону камаганы белгилүү. Алар азыркы учурда Алматынын убактылуу кармоочу жайында камакта.

Буга чейин Казакстанда кармалган кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов кыргыз бийлигинин кийлигишүүсүнөн кийин бошотулуп, Кыргызстанга кайтарылган.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Казакстанда тополоңго байланыштуу кармалгандардын саны 10 миңге чамалады. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги алардын арасында дагы кыргыз жарандарынын бар же жогун текшерип жатат.

Количество просмотров: 418