• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Алматыда кинотеатрлардын ишине уруксат берилди

27 Тогуздун айы 2020 10:14 Бишкек Govori.TV

26-октябрдан тартып кинотеатрларга бир катар талаптарды сактоо менен иштөөгө уруксат берилди. Ага ылайык, кинозал 30% гана толушу керек, көрүүчүлөр сөзсүз беткап кийишет. Мындай чечимди шаардын башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин дүйшөмбүдө, түштөн кийин кабарлады.

Анын айтуусунда, өткөн аптанын аягында коронавируска чалдыккандардын саны төмөндөгөнү аныкталды. Буга байланыштуу соода-оюн зоок борборлоруна жана кинотеатрлардын иштешине уруксат берилди.

Казакстанда кинотеатрлар пандемиянын башталган март айында жабылган.

Мурдараак COVID-19 вирусуна каршы мекемелер аралык комиссия 26-октябрдан тартып, “жашыл аймактагы” кинотеатрлар ишке киришерин маалымдаган.

Алматыда кинотеатрлардан тышкары соода-оюн зоок борборлору, мечит, чиркөөлөр, азык-түлүк саткан жабык базарлар, шаар борборундагы коомдук тамактануучу жайлардын иши да калыбына келди.

Түнкү клубдар, караоке барлар жана компьютердик клуб баштаган 19 ишкананын ишин жандантууга уруксат жок.

Количество просмотров: 77