Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районундагы Т.Байзаков атындагы парктын аймагында жаңы курулган муниципалдык кинотеатр пайдаланууга берилди.
Жалал-Абад шаарынын башчысы Эрнисбек Ормоков өлкөбүздүн эгемендүүлүк тарыхында Жалал-Абад шаарында алгачкы ирет заманбап, көрүүчүлөргө бардык ыңгайлуу шарттары каралган муниципалдык кинотеатр курулгандыгын баса белгилеп, кинотеатр Мамлекеттик жеке өнөктөштүк мыйзамынын негизинде “Galaxy Cinema” компаниясына ижарага берилгенин кошумчалады. Ошондой эле кинотеатрдын ишмердүүлүгү менен таанышып, ийгиликтерди каалады.
Белгилей кетсек, кинотеатрдын курулушуна жергиликтүү жана республикалык бюджеттен 54 млн сом жумшалган. Ал эми Мамлекеттик жеке өнөктөштүк мыйзамынын негизинде кинотеатрды ишке киргизген “Galaxy Сinema” компаниясы 34 млн сом инвестиция салган. Бул каражатка кино көрсөтүүгө керектүү техникалык каражаттар сатып алынып, көрүүчүлөргө ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.