• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Алматыда Кытай консулдугунун алдындагы мөөнөтсүз акциянын катышуучулары кармалды

25 Жетинин айы 2021 18:51 Бишкек Govori.TV

Алматыда Шинжаңдагы жакындарын абактардан жана «кайра тарбиялоо» лагерлеринен бошотуу талабы менен Кытай консулдугунун алдында кезектеги жолу акцияга чыккан жарандар кармалды. Бул тууралуу «Азаттыктын» казак кызматына активист Байболат Кунболатулы билдирди.

«Кытай консулдугунун алдына келген Гаухар Курманалиеваны, Халида Акытханды жана Нурзат Ермекбайды полиция дароо кармап кетти. Мени менен чогуу барган Акикат Калиоллу да машинеден чыгары менен кармалды. Жалпысынан төрт кишини кармап кетишти. Азыр унаада Гульпия Казыбеккызы экөөбүз отурабыз. Азырынча биздин машинеден чыгуубузду эч ким талап кыла элек. Чыксак биз да кармалышыбыз мүмкүн», — деди активист.

Анын айтымында, февралдан бери өтүп келаткан акциянын катышуучулары эгер аларга кезектеги жолу айып пул салына турган болсо, «ачкачылык жарыялап», полиция бөлүмүнөн чыгуудан баш тартып, ошол жерге түнөй тургандыктарын билдиришкен. Буга чейин алар «тынч жыйындарды өткөрүү тартиптерин бузуу» айыбы менен бир канча жолу административдик жоопкерчиликтерге тартылып, көбүнө айып пулдар салынган. Кунблатулынын айтымында, акция катышуучуларына салынган айып пулдардын жалпы суммасы 4 миллион теңгеге чейин (9 миң долларга жакын) жетти.

Жакындары Шинжаңдагы лагерлерде жана түрмөлөрдө күч менен кармалып турганын айткан жарандар Кытайдын Алматыдагы консулдугунун жана Нур-Султан шаарындагы элчилигинин алдында акция өткөрүп жаткандарына бүгүн 291чи күн болду. Андан бери анын катышуучуларына кытайлык дипломаттардан эч ким чыга элек. Чогулгандар Кытай бийлигинен Шинжаңда калган туугандарынын Казакстанга келүүсүнө уруксат берүүнү талап кылышууда. Айрымдары жакындары Шинжаңдагы «саясий жактан кайра тарбиялоо лагерлеринде» кармалып турушканын айтышса, башкалары туугандары негизсиз айыптар менен узак мөөнөттөргө соттолгонун билдиришүүдө. Алардын арасында кытай бийлиги жакындарынын документтерин алып коюп, өлкөдөн чыгарбай жатканына даттангандар да бар.

Быйыл март айында Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) өкүлдөрү менен жолуккан кытай элчиси Чжан Сяо консулдуктун алдында акция өткөрүп жаткан адамдардын туугандары Кытайдын жарандары экенин жана алар «өлкө мыйзамдарын бузууга байланышкан аракеттери үчүн жазаларын өтөп жатканын» айткан. Казакстан ТИМи Шинжаңдагы абалды «Кытайдын ички иши» деп атаган. Бээжин Нур-Султандын ири инвесторлорунун жана насыя берүүчүлөрүнүн бири болуп эсептелет.

Шинжаңда миллиондон ашуун мусулман азчылыгы диний жана этникалык маселеге байланыштуу кодулоого дуушар болуп жатканы тууралуу 2018-жылы БУУнун комитетинин баяндамасы чыккан. Эл аралык коомчулуктун басымына карабай, Кытайда уйгур, казак, кыргыз сыяктуу мусулман азчылыктарын кысымга алуу күчөп, «кайра тарбиялоо» лагерлеринин саны 40% өскөнүн австралиялык Стратегиялык саясат институту да изилдеген.

Кытай бийлиги муну четке кагып, лагерлерди «кесиптик даярдоо» жана «экстремизмге каршы күрөшкөн борборлор» деп сыпаттап келет.

Количество просмотров: 164