• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Алматыда «митингге чакыруу» айыбы менен эки активист 15 суткага камалды

26 Кулжа 2023 16:44 Бишкек Govori.TV

Алматыда активисттер Асхат Берсалимов менен Данияр Макешов 15 суткага камакка алынды. Бул тууралуу анын тарапташы Марат Турымбетов билдирди.

Анын айтымында, активисттерге «митингге чакыруу» айыбы тагылды.

Чет өлкөлүк номурлар менен жүргөн автоунааларды легалдаштыруу боюнча демилгечилер тобу 25-июнда митинг өткөрүүнү пландап, бирок аны кийинкиге жылдырышкан. Бирок полиция бул топтун эки активистин кармап, аларга Орусиядагы козголоңго байланыштуу коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн айтышкан.

Буга чейин активисттер өлкөгө 2022-жылдын 1-сентябрынан кийин алып келинген автоунааларды да легалдаштыруу маселесин көтөрүшкөн.

Журналист Данияр Молдабековдун айтымында, күн мурун Макешов тарапташтары менен Астанада болуп, аткаминерлер менен жолугушкан. Алар чет өлкөлүк нормурлар менен жүргөн бардык автоунаалар, анын ичинде өлкөгө 2022-жылдын 1-сентябрынан кийин кирген транспорт каражаттары да легалдаштырылышы керек деп эсептөөдө.

Казакстанда чет өлкөлүк номурлар менен жүргөн автоунааларды легалдаштыруунун мөөнөтү 1-июлда аяктайт. Бул күнгө чейин катталбаган унааларга айып пул салынары кабарланган.

Количество просмотров: 92