• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Алматыда президенттин күйүп кеткен резиденциясын түрттүрүү иштери аяктады

20 Тогуздун айы 2022 16:20 Бишкек Govori.TV

Алматы шаарынын акими Ерболат Досаев 20-октябрда Январь окуялары учурунда күйүп кеткен президенттин мурдагы резиденциясын түрттүрүү иштери дээрлик аяктап калганын билдирди.

«Жакында жаңы парктын концепциясын мамлекет башчыга көрсөттүм. Ал жакта жакшы шаардык парк болот. Акимчиликтин имаратын Ноорузга чейин калыбына келтирип бүтөбүз деп үмүттөнөм жана шаардын ар кайсы аймагындагы башкармалыктарды бир жерге чогултабыз. 1-февралдан бери чогуу иштей элекпиз», — деди аким.

Быйыл январда кеминде 232 кишинин өмүрүн алган (кийнчерээк дагы алтоо кыйноодон көз жумган) жапырт нааразылык учурунда Алматыда президенттин кызматтык резиденциясы күйүп кеткен. Жергиликтүү ЖМКлар биринчи кабатка талоончулар автоунаа алып киришкенин, ал имараттын ичинде өрттөнүп, жарылганын жазышкан.

Бийлик резиденциянын имаратын түрттүрүп, ордуна парк салуу чечимин кабыл алган.

Январь окуяларынын кесепеттерин жоюу үчүн 31 миллиард теңге бөлүнгөн. Анын 21 миллиарды башаламандыктан жабыркаган орто жана чакан бизнести колдоого жумшалган.

Алматыдагы Назарбаев саябанында жайгашкан президенттин резиденциясы мамлекеттик маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтер тизмесинде болгон. Мартта имарат бул тизмеден чыгарылган.

Количество просмотров: 134