• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Алматыда сабалган Чолпонбек Сыдыков алып келинди

20 Үчтүн айы 202213:56 Бишкек Govori.TV

Алматыда сабалган кыргызстандык жаран Чолпонбек Сыдыков өлкөгө алып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 20-январда Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу тарабынан Чолпонбек Сыдыков атайын медициналык унаа менен «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрмө пунктуна чейин алып келинди.

«Аны тийиштүү медициналык мекемеге жайгаштыруу уюштурулууда», — деп билдиришти министрликтен.

Учурда министрлик Казакстан тарап менен Сыдыковго байланыштуу окуянын бардык жагдайларын тактоо жана анын ден соолугуна оор залал келтирген күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.

Количество просмотров: 121