• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Алматыда Январь окуялары боюнча кармалгандардын жакындары адилеттүү сотту талап кылышууда

30 Жалган куран 2022 9:03 Бишкек Govori.TV

Алматыда Январь окуяларына байланыштуу камалгандардын жакындары маалымат жыйынын өткөрүшүп, камактагыларды күрөө менен боштууну, сот жаранын ачык, офлайн-режимде өткөрүүнү талап кылышты.

Активист Асет Оңалбаев Январь окуяларына байланыштуу Алматы облусунда 90дон кем эмес киши камакта отурганын, алардын 80 пайызы 15-25 жашта экенин айтты.

Камактагылар “жапырт башаламандыкка катышуу”, “курал-жарак, ок-дарыларды мыйзамсыз алып жүрүү, сактоо жана ташуу ”, “курал-жарак уурдоо”, “уурулук” боюнча айыпталышууда.

«%Биздин биринчи маселе – январь окуяларына байланыштуу козголгон иштерди жумшартуу. Жазаны жеңилдетүүнү президент бир эмес, эки жолу айтты. Бул жараян прокурор менен тергөөчүнүн өз ара келишими аркылуу чечилиши керек эле. Бирок алар “сот чечет” деп президенттин тапшырмасын аткарбай жатышат», — деди Оңалбаев.

Маалымат жыйынына катышкандар камактагылар кыйноого жана психологиялык кысымга кабылып жатышканын билдиришти.

Казакстанда тополоңго байланыштуу жалпы 10 миңдей адам кармалган, алардын миңге жакыны камакка алынган. Кийин айрымдарынын бөгөт чарасы үй камагына өзгөртүлгөн.

Количество просмотров: 69